super.kg logo

5 жылдан бери эшиги жабык турган Тарых музейи качан ачылат? Маданият министрлигинин жообу

 

Борбор калаадагы Тарых музейи 5 жылдан бери эшигин ача элек. SUPER.KG порталы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине кайрылып, музейдин качан ачыларына кызыгып сурап көрдү.

"Борборубуздагы Тарых музейи качан ачылары азырынча белгисиз. Так датасын айта албайбыз", - дешти министрликтин маалымат кызматынан.

Маалымат үчүн:

Тарых музейи 2016-жылы жабылып, реконструкциялоо башталган. 2018-жылы оңдоп-түзөө иштери соңуна чыгып, 31-август - Эгемендүүлүк күнүнө карата ачылышы керек эле. Бирок жасалуучу жумуштар соңуна чыкпагандыгына байланыштуу музейдин ачылышы белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

Музейин оңдоодо 118 миллион сомдон ашык акча мыйзамсыз коротулганын Башкы прокуратурадан тастыкташкан.

Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Улуттук тарых музейинин капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жыйынтыктоо маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.

Мындан сырткары депутаттар Тарых музейинин абалы менен таанышып, көчмө жыйын өткөрүшкөн. Анда эл өкүлдөрү реконструкциялоо иштери 5 жылдан бери бүтпөгөн тарыхый мекемени ушул жылдын 31-августунда, тактап айтканда Кыргыз мамлекетинин эгемендик күнүнө карата ишке киргизүүнү белгилешкен.

Белгилей кетсек, 18-май - музейлердин эл аралык күнү. Дүйнө коомчулугу Музейлердин эл аралык күнү катары белгилейт. Музейлердин эл аралык күнү ЮНЕСКО уюмунун 1978-жылкы чечимине ылайык белгиленип келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
18.05.2021. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен Студент болгондо жабык эле... 3-курс бүтүп жатабыз, Типа Көрбөй эле айылга кете бергиле деп койду го министр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: