super.kg logo

"Кыргыздан "креатив" качып кутулбайт". Башкы прокуратуранын мурдагы имаратынын "кооздугун" жашырган баннер да эскирди

 

Борбор калаанын чок ортосунда жайгашкан "Ала-Тоо" аянтынын жанындагы, тагыраак айтканда, Киев-Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги баннердин артына жашынган "кооз" имарат көптүн көңүлүн өзүнө буруп жаткан кези. Айталы дегенибиз, буга чейин шаар тургундары, албетте, сыртына баннер илинип турган имаратка артында баары ойдогудай көрүнгөн деген ойдо анчейин маани бербеген чыгар. Бирок кой, ай дегенге болбогон шамал жаап-жашырылып турган "кооз имаратты" ачып койду. Өлкөнүн борбору анан дагы калаанын чок ортосунда мындай имараттын турушуна ар ким түрдүү маанайда пикирлерди билдирип жаткан кези.

Өрттөлгөн имараттын баннер жабылып турган учурдагы сүрөтү

Учурда имаратты жаап турган баннер түшүп, калаанын көркүн бузуп турган чагы

Көпчүлүктү кызыктырган, анан дагы чубалган суроолорду жараткан бул имараттын тарыхына токтоло өтөлү.

Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имарат мурда Башкы прокуратуранын кеңсеси болчу. Ал 2010-жылы апрель ыңкылабында белгисиз адамдар тарабынан өрттөлгөн. Имарат Бишкек шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына карайт.

Бул имараттын чоо-жайын билүү максатында Бишкек шаардык мэриясына байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдиришти.

"Азырынча бул имаратты демонтаж кылганга каражатка байланыштуу мүмкүнчүлүк жок болуп жатат. Ал жерге башка имарат салуу жана анын долбоору бар. Мындан тышкары жыртылып калган баннерди кайра жаңылоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, ордуна жаңыртуу боюнча компаниялардын бири менен келишим түзүлдү. Алар жасап бермей болду. Учурда ченемдер алынып жатат. Эки аптанын ичинде кайра жаңы баннер илинет", - дешти шаардык мэриядан.

Маалымат үчүн:

Буга чейин, атап айтканда, 2020-жылы 10 жылдан бери багы ачылбай турган имарат оңдоп-түзөөдөн өтсө, бир жагына Бишкек шаардык кеңештин аппараты, бир жагында шаардык муниципалдык кызматтагылар отурарын калаанын экс-мэри Балбак Түлөбаев билдирген. Ошондой эле ал шаар мэринин милдетин аткарып жаткан учурда өрттөнүп кеткен башкы прокуратуранын эски имараты жайгашкан жерде долбоор-изилдөө иштерин жүргүзүүгө каражат бөлүү жөнүндө буйрук чыгарган.



кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
18.05.2021. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Шаардын четиндеги бир имарат болсо и дейт элек.Мамлекетибиздин,борборубуздун козго басаар жалгыз площадьыбыздагы имарат болуп жаткандан кийин Бир аз конул буруп ондоп койсо болмок.Бул имаратты ондолчу акчаны бир чиновник бир ручка менен,бир кол тамга менен эле жеп койуп жатышпайбы.
19.05.2021. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
3 же 4 этаж мечит курса жакшы болмок беле дейм. Офисте иштегендер жума күнү намазга барганга алыс болуп калат экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: