"Чымындын үнү угулбаган", өткөндү эске салып... Бишкектеги музейлерден сүрөт баян
Бүгүн, 18-май - музейлердин эл аралык күнү. Музейлердин эл аралык күнү ЮНЕСКО уюмунун 1978-жылкы чечимине ылайык белгиленип келет. Музейлерге атайын камкордук көрүү зарылчылыгы туурасындагы маселе Советтер Союзунда да көтөрүлүп, ал дүйнө коомчулугунун колдоосуна арзыган. Кыргыз өлкөсүндө бул майрам 1979-жылдан бери салтанаттуу белгиленип, андан бери музейлерди көрктөндүрүү жана сапатын арттыруу багытында атайын иш-чаралар жасалып келет.
SUPER.KG порталы борбордо жайгашкан музейлерден фоторепортаж жасап келди.
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи алгач сүрөт галереясы катары 1935-жылы ачылып, 1944-жылы Мамлекеттик музейге өзгөртүлгөн.
Орточо эсеп менен алганда учурда музейде 18 миңден ашуун экспонат сакталып келет.
Музейдин живопись, графика, скульптура сактоочу, жасалга-колдонмо өнөр бөлүмдөрү, реставрация өнөрканасы, китепкана, фотолаборатория, кинолекторий, методика кабинеттери, экспозиция залдары, скульптура аянты бар.
Экспонаттары жаңы табылгалар менен үзбөй толукталып турат.
Музейди уюштурууда Семён Чуйковдун эмгеги зор. Музей көрүүчүлөрдү биринчи жолу Эмен багындагы реконструкцияланган имаратта кабыл алган. Азыркы имараты 1974-жылы курулган.
Михаил Фрунзенин үй-музейи Кыргыз өлкөсүнүн тарыхындагы эң байыркы имараттардын бири.
Бүгүн, 18-май - музейлердин эл аралык күнүнө карата музейде "Музей жана музыка" иш-чарасы уюштурулду.
Саман менен жабылган саман үйдө Михаил Васильевич Фрунзе 1885-жылы туулган. 1925-жылы жаңы имарат менен курчалып, музей ачылган.
Музейде 6 миң 500дөн ашуун экспонаттар бар.
Эске салсак, бүгүн 17:00дөн 22:00гө чейин борбор калаанын кээ бир музейлеринин эшиктери шаардыктар жана борбордун коноктору үчүн ачык болот.
