"Мите курт жеген бак-дарактардын саны дени сак бактардан кем эмес". Бишкек шаарында арчаларды дарылоо иштери жүргүзүлөт
"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Улуттук илимдер академиясынын алдыңкы энтомологдорунун бири Иван Хегай менен биргеликте борбор калаанын арчаларын кезектеги текшерүүдөн өткөрүштү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө арча курту жана кабык жегич коңуздары табылды.
"Тилекке каршы, мите курттардан жапа чеккен бак-дарактардын саны дени сак бактардан кем эмес" деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, жакынкы аптада борбор калаанын багбандары арчаларды энтомологдордун сунуштары боюнча дарылай башташат.
Автор: Айжанар Рыспек кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.