super.kg logo

Өзгөндөгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү окуучулар Ысык-Көлгө жолдомо алышат

 

Орто мектептердин 11-класстын бүтүрүүчүлөрү тапшыруучу Жалпы республикалык тестирлөөнү ийгиликтүү тапшырып, алдыңкы жогорку баллдарга ээ болгон 5 окуучуга Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан ар бирине 20 миң сомдон, жалпысынан 100 миң сом байге катары белгиленген. Бул тууралуу Өзгөн администрациясы кабарлады.

Андагы маалыматка ылайык, окуу процессинде ийгиликтүү жетишкендиктерге ээ болгон окуучуларга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү окуучу балдарды колдоо максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Ысык-Көл облусуна жайкы эс алууга жолдомолорду алып беришет.

"Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” №1 жарлыгынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруу жана Өзгөн районундагы жөндөмдүү окуучуларды колдоо жана алардын окуу процессиндеги жетишкендиктерин баалоо иретинде уюштурулду", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: