Ош шаарында акыркы коңгуроого карата айдоочуларга буйрутма албоо сунушталды



Ош шаарында акыркы коӊгуроого карата кортежге чыккан кымбат баалуу унаалардын жана кичи автобустардын айдоочуларына окуучулардан буйрутма албоо сунушталды. Бул тууралуу Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Жакында 25-май, бул күнү Кыргыз өлкөсүнүн аймагында 11-класстын окуучулары мектепти аяктап, акыркы коӊгуроо кечесин өткөрүүнү пландашат.
Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызмат бөлүмү учурда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
"Маршруттук каттамдардын жана буйрутма алып жүргүнчү ташыган айдоочуларга, мектеп бүтүрүүчүлөрү тарабынан буйрутма албоолору сунушталып, эгерде алар тарабынан кандайдыр бир мыйзам бузуулар катталса, мыйзам чегинде чаралары көрүлөөрү эскертилди", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:32
2025-07-28
Рейтинг:
1

Комментарийлер(1)
Asmat84

19.05.2021. 09:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кафе ресторандарды да көзөмөл кылышса жакшы болмок. Биз да буюртма берүү үчүн кафе ресторандарды кыдырып, эч бир бошун таппадык бүт эле занять экен. Ишенип койгула 25- май күнү бүт кафе ресторандарда укмуштуудай массалык түрдө мааракелер өтөт. Ага ким жооп берет же былтыркыдай 200 киши менен той өткөргөн ресторанга 3 000 сом айып салып олтура бересиңерби
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.