super.kg logo

Лейлек району менен Тажикстандын Гафуров районунун башчылары жолукту

 

Бүгүн, 18-майда саат 17:00дө Баткен облусунун Лейлек районунун акими Алмаз Рахманкулов баштаган райондун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Тажикстандын Согди облусунун Гафуров районунун төрагасы Зафарбек Давлатзода баштаган жетекчилер менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу кыргыз-тажик чек арасында болуп өттү.

"Район башчылары 29-30-апрелде болуп өткөн куралдуу жаңжалдан улам пайда болгон бир катар көйгөйлөрдү чечүү үчүн эки тарап тең кыска аралыкта тактоо жумуштарын аяктоо менен жакынкы аралыкта маселелерди чечүү аракеттеринин жыйынтыгы боюнча байланышууну макулдашышты.

Ошондой эле тийиштүү жетекчилер, чек аралаш аймактарды биргелешип кайтаруу үчүн чек арачылардын патрулун коюуну сүйлөшүштү.

Белгилей кетсек, бул жолугушуу кечээ Баткен жана Согди облустарынын башчылары Абдикарим Алимбаев менен Раджоббой Ахмадзоданын жолугушуусунун алкагында чек аралаш аймактарда орун алган маселелерди кечиктирбей ыкчам чечүү боюнча жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине койгон тапшырмаларынын негизинде болуп өттү", - деп айтылат маалыматта.

Алдыда Баткен жана Исфара райондорунун акимдеринин да жолугушуусу күтүлүүдө .






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: