super.kg logo

Тышкы иштер министрлиги: "Центеррага" бир нече жолу эскертүү берилген, тилекке каршы талаптар аткарылган жок"

 

"Кумтөр" алтын кенин иштеткен канадалык "Centerra Gold Inc." компаниясына экологиялык жана тоо-кен техникалык стандарттарынын бузулуп жаткандыгы тууралуу бир нече жолу эскертилген. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылат.

Төмөндө министрлик тараткан билдирүүнүн толук тексти:

"Канаданын Тышкы иштер, соода жана өнүгүү департаментинин жетекчилигинин 18-майдагы билдирүүсүнө байланыштуу, Тышкы иштер министрлиги төмөнкүлөрдү белгилейт:

Кыргыз Республикасы ар дайым ак ниеттүү чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу климат түзүүнү жактап келген жана мындан ары дагы ушул принциптерди сактоого ниеттенет.

Кыргыз тарап башка кырдаалда канадалык өнөктөштөрдүн ишкердик субъектилерине ишкердикти ыңгайлуу жүргүзүүсүнө көмөктөшүүгө болгон табигый каалоосун түшүнүү менен кабыл алмак.

Бирок, канадалык тарапка белгилүү болгондой, көп жылдар бою «Centerra Gold Inc.» компаниясынын жетекчилигине компания тарабынан экологиялык жана тоо-кен техникалык стандарттарынын бузулуп жаткандыгы тууралуу бир нече жолу эскертилген.

Тилекке каршы, Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарында бекитилген бул талаптар аткарылган жок. Натыйжада айлана-чөйрөгө орчундуу зыян келтирилип, адамдар каза болгон. Бул «Кумтөр» кенин иштетүүнүн натыйжалуулугун изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиянын акыркы корутундулары, ошондой эле сот органдарынын 7-майдагы чечими менен тастыкталды.

Транспорттук чыгымдарды азайтуу максатында мөңгүлөргө 1 миллиард тоннадан ашык таштандыларды жайгаштыруу жолу менен өлкөнүн экологиясына орду толгус зыян келтирилгендигин жана башка көйгөйлөрдү эске алганда, айрым өнөктөштөрдүн бул кылмыш аракеттерин иш жүзүндө колдоого алууну көздөгөнү таң калтырбай койбойт.

«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын жетекчилигинин жоопкерчиликсиз мамилесинин дагы бир далили – бул мөңгүлөрдүн абалынын коопсуздугун жана жылышын көзөмөлдөө тутумунун токтотуп салышы. Компаниянын жетекчилиги өлкөдөн чыгып кетти, бирок жергиликтүү калк жана өлкөнүн экологиясы кооптуу абалга кабылды.

Ушуга байланыштуу, биз өнөктөштөрүбүздү «Кумтөр» долбоорунун айланасындагы кырдаалды бир тараптуу кабыл алууга өбөлгө түзүүчү билдирүүлөрдү жасоодон алыс болууга чакырабыз.

Кыргыз тарап түзүлгөн кырдаалды талкуулоо үчүн ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү, анын ичинде парламенттер аралык жаатта издеп келди. Бирок, канадалык тарап бүгүнкү күнгө чейин бул маселени талкуулоого кызыкдар болгон жок. Министрлик ошондой эле Канада Өкмөтүнүн жеке компаниялардын ишине таасир эте албай тургандыгын белгилеген позициясын эске алды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү биздин өнөктөштөрүбүз учурдагы кырдаалга объективдүү баа берип, Кыргызстанды адилеттүүлүктү калыбына келтирүүдө жана келечектеги муундар үчүн курчап турган айлана-чөйрөнү сактоо көйгөйүн чечүүдө колдойт деп күтүүдө, бул глобалдык күн тартибиндеги маселе. Болбосо, бул маселени бир тараптуу чагылдыруу коронавирус пандемиясынын оор мезгилинде биздин өлкөгө чет өлкөлүк түз инвестициялардын келишине терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Кыргыз тарап эки мамлекеттин элдеринин жыргалчылыгы үчүн кызматташууну мындан ары чыңдоо жана тереңдетүү максатында достук мамиледеги Канада Өкмөтү менен конструктивдүү диалог жүргүзүү үчүн дагы деле ачык.

Биз ошондой эле ак ниет, ачык жана ийгиликтүү бизнес жүргүзүүнү көздөгөн, биздин улуттук мыйзамдарыбызды сыйлаган жана айлана-чөйрөгө аярлуу мамиле жасаган ак ниеттүү чет элдик инвесторлорду колдоого даярбыз".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: