super.kg logo

"Кайдасың? - Мен убакыт токтоп, куштардын гана үнү угулган жерде". Бишкектеги кызгалдак талаасынан сүрөттөр топтому

 

Май айынын кирип келиши менен Кыргыз өлкөсүнүн бүткүл аймагында көздүн жоосун алган кызгалдактар гүлдөй баштаган. Бул кооздукка суктанган Бишкек шаарынын тургундары ажайып кооз жаратылыш фонунда түшкөн сүрөттөрүн социалдык тармактарга жарыялашууда.

SUPER.KG порталы кызгалдак талааларында түшкөн сүрөттөрдүн топтомун окурмандарга сунуштайт.

Кызгалдактын 100дөн ашык түрү окумуштуулар тарабынан аныкталган. Кыргыз өлкөсүндө анын 70тен ашык түрү бар.

Голландия жоогазындары менен, Франция лаванда ландшафтары менен, ал эми Кыргыз өлкөсү кызгалдак талаалары менен суктантат.

Май айы - тоолордун боорлору кызыл түскө боёлуп жаркыраган сыйкырдуу учурду кармаганга ылайыктуу учур.

Кызгалдак гүлдөгөн талаалар чыгармачыл адамдар үчүн шыктануу булагы болуп калды.

Кызгалдак гүлү апийим тукумуна таандык, ал көп жылдык өсүмдүк.

Кооз сүрөттөр үчүн адистер гүлдөрдү үзбөөгө үндөшөт. Кызгалдактар быйыл бардык талааларда гүлдөп, бир жылдан кийин такыр гүл ачпай коюушу мүмкүн.

Кызгалдак гүлдөгөн талаа бойлой өткөн дээрлик ар бир унаа кызыл талаалардын укмуштуудай кооздугун чагылдыруу үчүн токтойт.

- Сен кайдасың?

- Мен? Мен чексиз бош мейкиндикте жүрөм. Убакыт токтоп, куштардын гана үнү угулган жерде, ал жерде жалаң гана кызгалдактар бар.

Гүл десте теремин,
апама беремин.
Ал менин майрамга,
арнаган белегим!

Кызгалдактар биз билген кызыл гана түстө боло бербейт, ак жана сары түстөрү да кездешет.

Кызгалдактар - кызыл өңү талаанын,
Кызыктырат кыялындай баланын.
Тынчтык күнгө ынтымакты чакырып,
Тыңшагансыйт биримдиктин кадамын.

Кызгалдактар кызылындай кырмандын,
Кылымды ырдап ыргал, ыргал, ыргалгын!
Өткөн күндөн эртеңки күн бай болуп,
Өсө берсин эл-жерибиз жылдан-жыл! (Бактыгүл Чотурова).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
19.05.2021. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жылдын эн кооз мезгили.
19.05.2021. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ото керемет кыргыз жери
19.05.2021. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кызгалдак - балалыгымды эске салат)))
19.05.2021. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондой эле суктансанар аралап тебелеп гулдорду жулбай эле жанына барып суротко тушкулода!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: