super.kg logo

Жалпы республикалык тестирлөө 115 борбордо өткөрүлүүдө

 

Республиканын бардык аймактарында 18-майда Жалпы республикалык тестирлөө башталды. Тест окуучулардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыздоо үчүн тийиштүү шарттар түзүлгөн 115 тестирлөө борборунда өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тестирлөө борборлорунда медициналык пункттар жана медицина кызматкерлери, ошондой эле коопсуздук кызматкерлери иштеп жатышат. Тестирлөөнүн катышуучулары зарыл коргонуу каражаттары: санитайзер, тепловизор, бет кап, кол кап жана башкалар менен камсыздалган.

Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 30-апрелиндеги №564/1 буйругуна ылайык, тестирлөө 3 этапта өткөрүлөт:

I этап — 2021-жылдын 18-19-майында;

II этап — 2021-жылдын 21-22-майында;

III этап — 2021-жылдын 22-23-июнунда.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун маалыматы боюнча, ЖРТга 42 миң 817 бүтүрүүчү катталган.Тестирлөөгө орто жалпы же орто кесиптик билими бар Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле каттоо учурунда жалпы билим берүүчү мектептердин 11-классында, орто жана башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын акыркы курстарында окуп жаткандар катыша алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: