Улуттук банктын төрагасы: "Коронавирус илдети менен жабыркап жатканда, ооруканадан ооруган депутаттар менен жолугуп жаттым"
Бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бейшеналы Нурдинов Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов комитеттин жыйынына эмнеге келбей койгонун сурады.
Толкунбек Абдыгулов коронавирус илдетин жуктуруп алып, бир жарым ай дарыланганын айтты. "Дүйшөмбү күндөн баштап жумушка чыктым. Ооруканадан ооруп жаткан депутаттар менен жолугуп жаттым", - деди ал.
Депутат ооруганы тууралуу тастыктама берүүнү суранды. "Менде шек жаралып жатат. Сизди жумушта отуруп комитет жыйынына келбей койду деп айтышты. Ооруганыңыз тууралуу расмий тастыктама берип коюңуз", - деди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:32
2025-07-28
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.