Толкунбек Абдыгулов: "Улуттук банк Кыргыз мамлекетинин ичинде өндүрүлгөн алтындын баарын сатып алабыз"
Бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кожобек Рыспаев Улуттук банк "Кумтөрдүн" алтынын кантип сатып аларына кызыкты.
"Кечээ "Кумтөр" маселеси боюнча түзүлгөн комиссиянын төрагасы "Биздин Улуттук банк деле "Кумтөрдүн" алтынын сатып алат" деди. Ушул боюнча кандай көз караштасыз? Кантип сатып аласыз? Каражат жетеби?", - деп сурады депутат.
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов: "Мыйзам боюнча Улуттук банк Кыргыз мамлекетинин ичинде өндүрүлгөн алтындын баарын сатып алабыз. Биз акыркы 5 жылдын ичинде "Кумтөрдүн" эле алтынын алган эмеспиз. Кыргыз мамлекетинде өндүрүлгөн алтындын баарын сатып алганбыз. Эрежеси жөнөкөй эле, мыйзам боюнча эч кимден доллар менен алтын сатып албайбыз. Улуттук валюта менен ким стандартка туура келген алтын сунуш берсе, сатып алганга укугубуз бар", - деди.
