super.kg logo

Салык кызматы патенти жок иштеген мигранттарга айып пул салынарын эскертти

 

Чек ара аймактарында иштеген мигранттар Кыргыз өлкөсүнүн аймагында ишмердик кылуусу үчүн ыктыярдуу патент алуусу зарыл. Бул боюнча Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Салык кызматы Кыргыз өлкөсүнүн иш берүүчү жарандарынан эмгекчи-мигранттарды жалдоодо алардан ыктыярдуу патент талап кылууга чакырат.

"Ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөөсүз иш жүргүзүлгөнү аныкталса, Бузуулар жөнүндө кодекстин беренелерине ылайык, Ички иштер министрлиги - 10 миң сом, Салык кызматы - 3 миң сом айып салат.

Эске салсак, 2021-жылдын апрелинен тартып өсүмдүк өстүрүү, курулуш жана мал чарба, ошондой эле жекече тейлөө боюнча башка кызматтарды көрсөтүү жааттарында иштөө үчүн Кыргыз жарандары тарабынан жалданган чек ара аймактарындагы эмгек мигранттар ыктыярдуу патенттин негизинде иштей алышат. Патентти аймактык салык органынан сатып алуу керек. Патенттин суммасы 30 календарлык күн үчүн 800 сомду түзөт.

Мында чек аранын жанындагы мигранттар мыйзамдарга ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн аймагында визасыз режимди колдонуу мөөнөтү ичинде патенттин негизинде жеке эмгек ишмердигин жүргүзө алат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: