super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Бакыт издегендер..."

 

Суперстандын "Жүрөк сыры" бөлүмүнө "Бакыт издегендер" деген аталыштагы окуя жарыяланган.

Автор: "Той. Баары эки жашты куттуктап, тойдун көркү болгон жаштар бийлеп жүрүшөт.
Алып баруучу да мыкты деңгээлде алып барып, той көркүнө чыгып жатты. Күйөө жолдоштор бир тарапта, кыз тараптагылар экинчи жакта. Дасторкон түркүн даамдарга толгон. Баары көңүлдүү, ар кимиси өз ара сүйлөшүп, каткыра күлүп шаңдуу отурушат. Албетте, бул деген той шааниси да. Баарынын көңүл борборунда эки жаш. Кээ бирлери суктануу менен караса, кээ бирлери өздөрү да кечээ эле ушулардын ордунда отурганын эстеп жылмайышат.

Ортого күйөө жолдоштор чыгып каалоо-тилек айтып, белектерин тапшырып жатышты. Арасында Алик да бар. Анын ар дайым орду менен, жеткиликтүү сүйлөгөнүн эске алган достору микрофонду кармата салышты:

- Арабызда эң акылдуусу өзүңсүң, сүйлөй сал, бол эми маалкатпай.
Досторунун ар дайым ушинтип сүйлөгөнү келгенде түртө салгандыгын билген Алик күлүп эле микрофонду колуна алды.
Белектер тапшырылып, баары өз ордуна жөнөй беришти. Алик стол тарапка басып баратып капысынан:

- Кечиресиз, сизге мүмкүнбү? деген үндөн артына бурулду:

Артын караса жарашыктуу кийинген, ак жүздүү, орто бойлуу, колуна бала көтөргөн кыз туруптур:

- Сиз магабы?
- Ооба, баланы кармай туруңузчу, мен сумкадан упчусун алып алайын, такыр ыңгайсыз болуп, ала албай жатам...
Бала кыңылдап ыйлап жатыптыр.

- Мейли, келиңиз.
Алик баланы колуна ала кыздын көздөрүнө тигилди. Бир чоң ааламдын сырын ичине жашырып алгандай, негедир башкача экен.
Кыз шашкалактап, сүт куюлган бөтөлкөсүн сумкасынан алып:

- Рахмат деп баланы алууга умтулду. Көздөрү чагылыша түштү.
Керемет көздөр! Эч нерсе дей албайсың, муңдуу дейин десең кири жок таптаза каректер. Антейин десең тереңинде бир муң жаткандай...
Кыз көздөрүн ала качты:
- Рахмат сизге!
Кыз тез-тез басып, узап кетти. Ордуна отуруп, бир нерседен кыжаалат болгондой улам эшик тарапты карап жатты.
Алик кызды тиктеген бойдон туруп калыптыр...".

Толугу менен окуу үчүн бул жерди басыңыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.10.2022. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы админ калганын толук окуй албай жатам жардам бериңизчи
20.11.2022. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арсен мен дагы окуй албай жатамын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: