super.kg logo

Депутаттар чек ара ыйгарым укуктууларынын укуктарын кеңейтүүнү сунушташууда

 

Депутаттар чек ара ыйгарым укуктууларынын укуктарын кеңейтүүнү сунушташууда. Бул тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери Абдывахап Нурбаев, Исхак Пирматов, Жанар Акаев, Мирлан Жээнчороев, Алтынбек Сулайманов, Карамат Орозова, Улугбек Садиков.

"Чек ара ыйгарым мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорунда чек ара ыйгарым укуктууларынын укуктарын кеңейтүү каралган. Анын ичинде жылына эки жолудан аз эмес окуудан жана аскердик даярдыктан өткөрүү, ок атуучу курал колдонуу укугун берүү, алардын өмүрүн жана саламаттыгын аскер кызматчыларынын даражасында мамлекеттик камсыздандырууга кепилдик берүү милдеттери каралат.

"28-30-апрелдеги Тажикстандын ачык агрессиялык актыга айланган аракеттеринин натыйжасында, 36 жараныбыз каза болуп, эки жүздөн ашык жараныбыз жаракат алган. Миңдеген жарандар өзүнүн туруктуу жашаган жайларын таштап кетүүгө мажбур болуп, жүздөгөн үйлөр жана курулуштар өрттөлүп, бузулган. Мындан тышкары социалдык объектилер: бала бакчалар, мектептер, медициналык пункттар, өрттөн сактоочу кызмат бөлүктөрү, азык-түлүк дүкөндөрү жана май куюучу станциялар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чек ара заставасы бузулуп, өрттөлүп өлкөбүз көптөгөн чыгымдарга дуушар болду.

Ушуга байланыштуу өлкөнүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн, жарандарыбыздын коопсуздугун коргоо, алардын мүлкүн жана башка жашоого керектүү социалдык объектилерин сактоо боюнча чек арачылардын милдеттерин так аткарууга чек ара ыйгарым укуктуулары көмөктөшөт жана жардамчы болот. Мыйзам долбоорунда каралган шарттар алардын өмүрүн жана саламаттыгына кепилдик берет", - деп жазылат мыйзам долбоорунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: