Милициянын кайгуул кызматы "Ош базарындагы" баш аламан соода кылгандарды тазалоодо




Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери баш аламан соода кылган жарандарга карата түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Шаар тургундары социалдык тармактар аркылуу "Ош базарынын" айланасындагы тыгындарды жоюу жана жол жээгинде мыйзамсыз баш аламан соода кылган жарандарга карата көптөгөн кайрылууларды жасашууда.
Мындан улам милициянын кайгуул кызматкерлери Бишкек мэриясынын Ленин райондук администрациясынын кызматкерлери менен биргеликте "Ош базарынын" айланасында баш аламан соода-сатык кылган жарандарды аныктап, аларды ордунан тазалап, тийиштүү чараларды көрүү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Ошондой эле жол жээгинде мыйзамсыз соода-сатык кылуу жол кыймылынын катышуучуларына да тоскоолдук жаратып, ысыктын күнүндө тамак-аш жана мөмө-жемиштер сатып алуучулардын ден соолугуна коркунуч жаратары эскертилгени жазылат маалыматта.


1 |