Жалал-Абадда бир апта ичинде 15 кылмыштын бети ачылды





Жалал-Абад облусунун аймагында коомдук тартипти көзөмөлдөө, кылмыштуулукка бөгөт коюу, жол кырсыктарынын алдын алуу максатында бир апталык "Режим" аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чаранын жыйынтыгында облус аймагында 65 мейманкана, 39 бильярд ойноочу жай, 50гө жакын компьютердик клуб, 70тен ашуун диний уюмдар текшерилди. Ошондой эле ички иштер органдарынын каттоосунда турган 600дөн ашуун жаран текшерилип, алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
"Мындан сырткары жол коопсуздугун камсыздоо максатында 1 миң 100дөн ашуун унаа текшерилип, жол эрежесин бузган унаа ээлерине карата 200дөн ашуун протоколдор түзүлдү. Ал эми 30дан ашуун унаа айып короосуна киргизилген.
Иш-чаранын жүрүшүндө 2 мыйзамсыз сакталган курал алынып, 15 кылмыштын бети ачылып, издөөдө жүргөн 2 кылмышкер кармалды", - деп жазылат билдирүүдө.
