Жогорку Кеңеш директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн иштөө мөөнөтүн 5 жылдан 4 жылга чейин кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун жактырды
Жогорку Кеңеш директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн иштөө мөөнөтүн 5 жылдан 4 жылга чейин кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун жактырды.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери белгилегендей, мыйзам долбоору банктардын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн мөөнөттөрүндөгү карама-каршылыктарды жоюуга жана практикалык ишке шайкеш келтирүүгө багытталган. Ушул максатта "Улуттук банк, банктар жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө" мыйзамдын 100-101-беренелерине айрым түзөтүүлөр сунушталууда. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн иштөө мөөнөтү мурдагы 5 жылдан 4 жылга чейин кыскартылат.
Талкуунун жүрүшүндө депутаттар мыйзам долбоорун колдоо менен бирге Улуттук банкты каржылык сабаттуулукту жогорулатуу максатында калк арасында маалыматтык түшүндүрүү иштерин күчөтүүгө чакырды. Берилген насыялары боюнча пайыздык ставкалар 30-40 пайызга жетип, керектөөчүлөр үчүн оор жүк болуп жатканын белгиледи. Ошондон улам ставкалардын деңгээлин мамлекеттик жөнгө салуу зарыл.
Андан тышкары депутаттар Улуттук банкка коронавирус илдетине байланыштуу төлөө жөндөмдүүлүгү төмөндөп кеткен керектөөчүлөрдүн укуктарын натыйжалуу коргоо үчүн каржылык-кредиттик уюмдарга көзөмөлдү күчөтүүнү сунушташты.
