Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолукту
19-майда ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Орусия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тараптар алдыдагы тышкы саясий иш-чараларды, буга чейин жетишилген келишимдердин аткарылышын талкуулашты, кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана аймактык кырдаал боюнча ой пикирлер менен алмашышты.
"Тараптар Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациясынын ортосунда буга чейин каттаган темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну жана унаа кыймылын толук кандуу жандандыруу маселелерин талкуулашты.
Орусиянын Тышкы иштер министри кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча кыргыз тараптын иш-аракеттерин кубаттады жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү процессин улантуунун зарылдыгын белгиледи.
Тараптар союздаш мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана кеңейтүү максатында өз ара аракеттенүүнүн бардык тармактарын мындан ары активдештирүүгө бекем ниеттерин билдиришти", - деп айтылат маалыматта.



1 |