super.kg logo

Муздаткыч өчүп калган. Спутник V вакцинасынын 930 дозасы жарактан чыгып калды

 

Борбор калаадагы №2 поликлиникада муздаткыч өчүп калгандыгына байланыштуу Спутник V вакцинасынын 930 дозасы жарактан чыгып калды. Бул боюнча SUPER.KG порталы Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысовага байланышканыбызда, төмөнкүлөрдү билдирди.

"30-апрелде бизге ыкчам маалымат түшкөн. Биз барып териштирүү иштерин жүргүзгөндө, муздаткыч өчүп калгандыгын билдик. Вакциналарды атайын муздаткычтарга койдуртуп бергенбиз. Муздаткычты кайра сайганда ал дароо иштеди. Розеткасы гана суурулуп калган. Пол жууп жаткандабы же кандайдыр бир башка себептерден улам суурулуп калганбы өздөрү билбей калышкан. Вакцинаны акт түзүп алып кеткенбиз. Учурда биздин кампада турат. Аларды биз сатып жиберген жокпуз. Башка вакцина менен орду толтурулган соң утилизацияга кетиребиз. Анткени бул вакцина тоңдурулган бойдон турушу керек. Эки саат эле эриген абалда туруп калса колдонууга жарабай калат.

Министрлик тарабынан ордун толтуруу тапшырмасы поликлиникага берилди. Азыр өздөрү ушул маселенин үстүнөн иштеп жатышат. Сумма чоң болгону үчүн Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо департаментине чечим чыгаргыла деп тапшырма бердик", - деп билдирди Ишенапысова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
20.05.2021. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соз жок. Аябай жоопкерчиликтуубуз озу
20.05.2021. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эч кимде жоопкерчилик болбой калды го азыр.
20.05.2021. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чын эле муздаткыч өчүп калдыбы
Же кулагын кармаган бойдон
Миллиондогон акчага сатылып кеттиби
Кыргызбайлардан бүт нерсени күтсө болот
20.05.2021. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Күнөөлү өз чөнтөгүнөн акчага сатып алып келсин.
20.05.2021. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шармандачилик, башка соз жок,
Айылдагы фап беле свет очуп калды же розетка иштебей калды
20.05.2021. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мына ушундан кийин кантип ишенип вакцина аласын, кайдыгерчилик...кимдир бироо жоопкерчилик алыш керек да.
20.05.2021. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээ " шалаакылыктан улам" деген создон тажадым.Баары шалаакы азыр.Врачы деле,милициясы деле...
20.05.2021. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзү бул вакцина толугу мн оң таасирин берет деп эч ким кепилдик бере албайт жана ар бир адамдын организми ар кандай. Кээ бирлерине жакпай калышы мумкун. Ошондуктан ар бир жаран өз каалоосу менен алышын каалайт элем. Деген менен мектеп мугалимдерине зордоп, ар кандай коркутуп-үркүтүүлөр менен вакцина алуусун мажбурлап жатышат экен. Эмнеге? Ар бир адам өз ден соолугуна күйсүн! Болгондо да кытайдын вакцинасына ишенич жок! Ушул нерсеге көңүл буруп көзөмөлдөп коюшуңуздарды суранам!
20.05.2021. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи вакцинаны каалоочулар алат деп айтылган го! Анан эмнеге жонокой мектеп мугалимдерин мажбурлап жатышат?! Сан.книжканарга печать коюлбайт, устунордон тигиндей деп жазам деп тим эле коркутушат, балким, шалаакылыктын айынан ушундай болгон вакцина болсочу, мумкун Кытайлар оору козгоочу нерселерди кошуп койгондур?! Кытайлар бизге качан жакшылык каалады эле? Продукты ж.б аркылуу элге тынч, согуш жургузуп келишин коруп эле жатасыздар? Ал эми бул организмге түз кире турган нерсеге кошпойт деп ким
20.05.2021. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кепилдик бере алат? Толук маалыматым жок менин да, бирок мен эч качан жакшылык умутум жок ушул нерседен. Албетте ар ким озу билет. Бирок менин суранаарым, вакцинаны мажбурлап алдырышпасын! Кийин кандайдыр оорулар пайда болушу мумкун, балким. Бул дагы бизнес же дуйнолук адам азайтуу процесси же дуйнолук саясатыдыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: