"Дашков баласы менен". УКМК "Кыргыз темир жолунан" 500 миллион сомдон ашык акча каражатын чыгарып кетүү фактысын аныктап, беш адамды кармады
"Кыргыз темир жолу" ишканасынын акча каражаттарды алуу боюнча коррупциялык схемасы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Кыргыз темир жолу" ишканасынын кызматкерлери 2020-жылдын май айынан 2021-жылдын апрель айына чейин товарларды жана материалдарды жеткирүү жана кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөө шылтоосу менен «Генезис Плюс» ЖЧКнын жана «АтомГрупп» ЖЧКнын дарегине 500 миллион сомдон ашык акча каражаттарын которушкан.
Мындан тышкары ишкана тарабынан товардык-материалдык баалуулуктарды жеткирүү үчүн көрсөтүлгөн компаниялар менен келишимдер көрсөтүлгөн мезгилинде түзүлгөн эместиги аныкталган. Азыркы учурда ишкананын бюджеттик кызыкчылыктарына келтирилген зыянды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.
"Муну менен катар 2021-жылдын 18-майында Жазык-процесстик кодекстин 98-беренесине ылайык жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, "Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын каржы бөлүмүнүн башчысы К.Б.Т., «А.Г.» ЖЧКнын жетекчиси А.А.И. жана «Г.П.» ЖЧКнын жетекчиси М.Г.Р., "Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Д.В.А жана уулу Д.Д.В., (ал дагы ушул коррупциялык схеманын катышуучусу) кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ошол эле учурда Д.Д.В.га карата Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү жана Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тергөө иштеринин өтүнүчү боюнча үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы каралып, 2021-жылдын 18-июнуна чейин келтирилген зыяндын ордун толтуруусу милдеттендирилди", - деп жазылат маалыматта.
Кармалган шектүүлөрдүн арасында ишкананын мурунку жетекчиси Василий Дашков жана баласы бар экенин өздүк булактар тактады.
Эске салсак, буга чейин бир катар жергиликтүү басылмалар Василий Дашков УКМК тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин өздүк булактарына таянып жазып чыгышкан. Андагы маалыматтарга караганда Дашков коррупцияга шектелип кармалган.
Бирок УКМКнын маалымат кызматы бул маалыматты четке кагып, Дашковдун камалбаганын билдирген.
