super.kg logo

Бишкек ШИИББинин башчысы болуп Азамат Ногойбаев бекитилди

 

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын өздүк курамына башкармалыктын башчысы Азамат Ногойбаевди жана анын орун басары милициянын полковниги Тилек Түкөбаевди тааныштырды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 7-апрелинде Бишкектен уурдалган 27 жаштагы Айзада Канатбекованын сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада унаадан табылган. Ала качууга шектелген Замирбек Теңизбаев кызды муунтуп өлтүрүп, өзүнө бычак сайып каза болгон.

Аталган иш боюнча Башкы прокуратура бир катар милиция кызматкерлерине иш козгоп, ички иштер министри Улан Ниязбеков 9-апрелдеги буйругу менен Бишкек ШИИББинин башчысы баштаган бир катар жетекчилерди, кызматкерлерди иштен бошотуп, айрым жетекчилерге, кызматкерлерге административдик жаза берген. Жалпысынан 44 кызматкер тартип жазаларына кириптер болгон.

Министрдин дагы бир буйругу менен Азамат Ногойбаев ошол эле күнү Бишкек ШИИББинин жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалган.

Ал буга чейин ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын (Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыгы) Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы менен өз ара аракеттешүү бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: