super.kg logo

Elite House 8 жылдык ийгилик!

 

Elite House курулуш компаниясы бүгүн Кыргызстан рыногунда 8 жылдык мааракесин белгилөөдө! Elite House - премиум, комфорт жана стандарт класстарындагы турак жай комплекстерин, соода аянттарын курган алдыңкы жана тез өнүгүп келе жаткан жергиликтүү компаниялардын бири. Курулуш компаниянын тарыхы 2013-жылы "Ала-Тоо" турак жай комплексин куруудан башталган. Андан соң премиум-класстагы "Максимум Плюс" жана "Триумф Стиль" турак жай комплекстеринин курулушу жүргүзүлгөн. Бүгүнкү күндө компаниянын карамагында ишке ашкан 5, курулушу аяктаган 2 жана курулуп жаткан 7 комплекс бар. 2000ден ашуун кыргызстандык үй-бүлөлөр жогорку сапат жана ишенимдүүлүк үчүн Elite House'ту тандашат.

Elite House'тун бардык турак жай комплекстери Бишкек шаарынын инфраструктурасы өнүккөн жана өзүнүн экосистемасы бар мыкты локацияларда жайгашкан. Ал эми ар бир объекттин уникалдуу дизайн долбооруна ылайык түзүлгөн заманбап архитектурасы айлана-чөйрөнүн ландшафты менен мыкты айкалышып, шаардын көрүнүшүнө көрк кошот.

Elite House сапаттын жана ишенимдүүлүктүн үлгүсү. Анткени кошумча техникалык көзөмөлдөө Германиянын TÜV SÜD - концерни тарабынан жүргүзүлөт. Бул концерн өнөр жай жана курулуш жаатында экспертиза боюнча дүйнөлүк лидер.

Ири долбоорлорду ишке ашыруу жана алдыга койгон ири максаттарга жетүү үчүн компания чоң тажрыйба топтоп, эң мыкты кадрларды жыйнады. Компаниянын негизги идеологиясы – бул ар бир адамга бактылуу жана жайлуу жашоо үчүн эң мыкты кыймылсыз мүлк куруу.

Elite House тейлөөгө жана ар бир кардарга өзгөчө көңүл бурат. Айтмакчы, компания биринчилерден болуп өз жашоочуларын өздүк башкаруучу компания менен камсыз кылган. Бул иш-чара турак жай маселелерин бир топ жеңилдетет.

"Башкалардан бир нече кадам алдыда жана кардарларыбызга жакыныраак болуу биз үчүн маанилүү. Ошондуктан биз кызматкерлерибиздин квалификациясын жогорулатууга дайыма салым кошуп келебиз. Биздин команда кыргыз рыногу үчүн жаңычылдыктарды киргизүүнү, дүйнөлүк тажрыйбаны өздөштүрүүнү жана тейлөөнүн принципиалдуу жаңы деңгээлин жана архитектуралык чечимдерди сунуштоону токтотпойт", - деп Elite House компаниясынын башкы директору Руслан Нармедов белгиледи.

Elite House компаниясы - бул эң мыкты заманбап технологиялар, кынтыксыз сапат, жаңы тенденциялар жана профессионалдар тобу!

8 жылдык мааракенин урматына Elite House курулуш компаниясы кардарларга укмуштуудай белектерди даярдады! Батир сатып алууда өз баасынын 8% БЕЛЕККЕ берилип, 8 айга бөлүп төлөө узартылат. Ал эми коммерциялык кеңселерди сатып алууда өз наркынан 8%, андан тышкары 8 м2 белекке жана 8 айга кошумча бөлүп төлөө узартылып берилет!

Толук маалыматты 0 (555) 555-555 номери аркылуу алыңыздар!

Elite House - учурду куруп, келечекти жаратабыз!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: