Борбор калаага "Түтүн мунарасы" аталышындагы аппарат коюу сунушталды




Борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов "Cloud Tech" компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан маалымдашты.
Маалыматта айтылгандай, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташууну чыңдоо жана өнүктүрүү маселеси, ошондой эле муниципалитет менен "Cloud Tech" компаниясынын ортосунда абаны тазалоо жаатындагы маселелерге адистешкен кызматташтыкты орнотуу талкууланды.
"Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, коммерциялык эмес уюмдар жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрагасы Токтайым Үмөталиева, турак жай коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэр Жамалбек Ырсалиев катышты.
Түтүнгө каршы күрөшүүнүн алкагында Бишкек шаарына газ менен жүрүүчү 350 автобус алып келинет. Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы менен "Эко жүргүнчүлөрдү ташуу компаниясы" ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган", - деп жазылат мэриянын маалыматында.
Белгилей кетсек, "Cloud Tech" компаниясы мунара түрүндөгү "Smog Tower" аталышындагы жаңыча аппаратын сунуштады. Аны ачык талаага да, калк жыш жайгашкан мегаполисте да орнотууга болот, экологиялык жактан таза, минималдуу беш этаптуу тазалоо процесси менен жабдылган, болгону 3 кВт энергияны керектейт.
