super.kg logo

Токтогул ГЭСинде 200 Тажик жараны иштеп жатабы? "Электр станциялары" ишканасынын жообу

 
Социалдык тармакта Токтогул ГЭСинде такталбаган маалымат боюнча 200гө чукул Тажик жараны иштеп жатканын Турду Акматалиев аттуу колдонуучу Фейсбук баракчасына жазып чыкты. Анда ал чек ара жаңжалынан кийин алардын иштеп жатканына кабатыр болууга негиз бар деген таризде билдирүү жазган.
"Баткенде тажиктер менен куралдуу кагылышуу болуп 37 адам окко учуп, 200гө жакыны ар кандай деңгээлде жаракат алышты.
Бирок биздин стратегиялык жашыруун объектибиз болгон Токтогул ГЭСинде такталбаган маалымат боюнча 200дөй тажиктер оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатат.
Тажиктер Токтогул ГЭСине жарылуучу зат коюп же башка зыян келтирүүчү иштерди жасабайт деп ким кепил болот?" - деп жазып калтырган Турду Акматалиев.
Аталган постту социалдык тармактын колдонуучулары өз баракчаларында активдүү бөлүшкөн.
Жогорудагы билдирүүгө тактоо киргизүү максатында "Электр станциялары" ААКсынын маалымат кызматына байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык.
"Социалдык тармактарда учурдагы кырдаалды түшүнбөй, чиновниктерди башаламан айыптап жаткан айрым активисттердин маалыматы жетишсиз экендигин эске алып, жооп иретинде ачык-айкындуулук келтирип өтөбүз.
СССР урагандан кийин Кыргыз Республикасынын энергетикалык тармагы экономикалык жана финансылык кризисти ар дайым башынан кечирип келет жана өздүк акча каражаттарынын таңкыстыгы да бар. Энергетикалык объектилерди реконструкциялоого Кыргыз Республикасы эл аралык өнүктүрүү ассоциацияларынын инвестицияларын тартууга мажбур, аны менен катар өкмөт Токтогул ГЭСинин реабилитациялоосун (ал 45 жылдан ашык иштеген, жана анын жабдууларынын 75 пайызы эскирген) каржылоо үчүн эл аралык өнүктүрүү ассоциацияларына (донорлор) кайрылган.
Кыргыз өлкөсүнүн кайрылуусуна эл аралык донорлор жооп кайтарган жана Токтогул ГЭСин реабилитациялоо үчүн акча каражаттарын бөлүп берүүгө макул болушкан, бирок эл аралык сынактык тооруктардын шартында гана. Ошондой эле донорлор тарабынан бөлүнгөн акча каражаттардын бөлүгү гранттык каражаттар болуп саналарын билдирип кетебиз.
Мында өкмөт жардам берүү максатында (Кыргыз Республикасына акысыз жардам катары), Донорлор өзүлөрүнүн финансылык каражаттарына Токтогул ГЭСин реабилитациялоо боюнча долбоорлордун техникалык-экономикалык негиздемесин (мындан ары ТЭН) иштеп чыккан эл аралык консалтинг компанияларын жалдашкан, ошондой эле эл аралык келишимдердин шарттарына ылайык, эл аралык конкурстук тооруктарды жарыялоо үчүн тендердик иш кагаздар иштелип чыккан. Жогоруда айтылгандай, тендердик процесстердин бардыгы эл аралык донорлордун шарттарына жана жол-жоболоруна, өкмөт жана донорлор ортосунда кол коюлган эл аралык макулдашууларга жана ратификацияланган макулдашууларга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлгөн. Ушуга байланыштуу Кыргыз өлкөсү кайсы бир өлкөлөрдү кандайдыр бир жеке кастыктын негизинде эл аралык конкурстук тооруктарга катышуу мүмкүнчүлүгүн чектей албайт жана кандайдыр бир компанияга же уюмга артыкчылык бере албайт.
Эл аралык конкурстук тооруктардан кийин жана донорлордун жактыруусунан кийин гана GE HydroFrance (Франция) жана GE Renewable (Швейцария) (мындан ары Подрядчы) консорциуму тарабынан Токтогул ГЭСинин гидроэлектрстанцияларды алмаштыруу боюнча башкы подрядчы консорциум болуп тандалган, себеби алар эң төмөнкү бааны жана эл аралык талаптарга жооп берген шартты сунуштаган.
Эл аралык донордун стандарттык келишимине ылайык, подрядчы субподряддык уюмду өз алдынча тандоо укугуна ээ.
Ошондой эле Токтогул ГЭСинде "Тажик СГЭМ" АКы штаттык жүгүртмөдө экенин, Тажикстандын 200 жараны эмес, 70 жараны гана иштээрин билдирип кетебиз, ошондой эле бул уюмда Кыргыз Республикасынын 70тен ашык жараны иштеп жатышат.
Токтогул ГЭСинде тажиктерден тышкары Франциянын, Түштүк Кореянын, Латвиянын, Түркиянын жарандары эмгектенип келишет, башкача айтканда, бул долбоор эл аралык мамилелерди чыңдоого түрткү берүүчү эл аралык жана көп улуттуу долбоор болуп саналат", - деп билдиришти мекемеден.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(12)
20.05.2021. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Деги абайлагылачы негизи таджиктер митаам калк! жамандык кылып жиберишпесин. стратегиялык объект болгондон кийин озубуздун эле жарандар иштесе болот элего
20.05.2021. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Узун роман жазгансыбай кыска тушунуктуу жооп берсенер бар же жок деп.
20.05.2021. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыска жооп керек бизге, айландырбай. Значить туура экен тажиктер иштеп атканы.
20.05.2021. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ошол лөлү тазиктердин ордуна өзүбүздүн жарандар иштесе болбойт беле.
20.05.2021. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Канчалаган кыргыздар талаалап иштеп журушот ошолорго жумуш оордун тузуп берсе болбойбу, же эмне тажиктер билгенди биз билбейбизби, жада калса туп районунун санташ айыл окмотундо салынып жаткан ооруканага да жалан таджиктер иштеп журушот а биз жумуш таппай атабыз
20.05.2021. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алардын Генералдарын жана мамлекеттик ишкерлерин билимсиз, керек болсо жазылып турган текстти тамгалап окушат деп биздин ММК лар бут чыгарып жатты эле, анан ушундай чон проектеги курулушубузга алардын кандай пайдасы тиймек эле? Менин тушунбогонум ошол!
20.05.2021. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чондордун козу сокур! Биздин балдар чет жакта иштеп журушот. Чондорго айт-айтпа баары бир оз билгендерин кылышат. Он кулагына айтсан сол кулагынан чыгат.
21.05.2021. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Монолог кылбай калта калта жазып үйрөнсөн сенин жазганыңды көрүп элдер окуп бүткүчө мээси чирип кетип жатат. Өзүңчө эле роман жазгансып
21.05.2021. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тажиктерден башкасын эле алсаңар болмок, тажиктер бизге караганда аябай эле арзан иштешет эптеп септеп эле кылышат жумушту кара курсагы квартира акысына жеткен жерде эле жүрө беришет алар.
21.05.2021. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ичииим ооруп кетти. качан козунор ачылат экен а дагы бир балаанин устуноно чыгат тажиктер ошондо эл токтобойт чыдамы тугоду
21.05.2021. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир суроого жомок айтып келип, аягында ооба 70эле тажик иштеп жатат дейт. Неңдурайындар, тажик эмес 70 кыргыз жумуш менен камсыз болот эле да. Качан биздин жарандарыбызга басым жасалат?
21.05.2021. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул темада эң көп колдонулган сөз «эл аралык» деген сөз. Ушул эл аралык эреже, мамиле дегенди тажиктер уруп ойнобойт. Эгер ушундай окуя болуп Тажикистанда биздин Кыргыздар калып калганда аларды барымтага алмак.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: