"Жетекчилик колдогон" Новиков жаңы кызматка дайындалышы тууралуу комментарий берди
Артём Новиков Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалышы тууралуу комментарий берди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында түз эфирге чыгып билдирди.
"Бул макулдашылган чечим. Менин Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондусуна дайындалышыма байланыштуу чечимди жетекчилик колдогон. Бул жооптуу жана чоң милдет. Анын үстүнө жакынкы күндөрү биз түздөн-түз каржылоону жандандырып, фонддун ишин модернизациялоо маселелерин чечишибиз керек. Силердин кайрылууларыңарга тез аранын ичинде реакция кылууну улантам", - деген Новиков.
Буга чейин Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун уставынын 8-беренесине ылайык, Азиз Аалиев Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы кызматынан бошотулуп, ордуна Артём Новиков дайындалганы белгилүү болгон.


1 |