Өлкөдөгү билим берүү жөнүндө 6 мыйзам 1 мыйзамга бириктирилет








Бишкекте Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча тегерек стол өттү. Аны Билим берүү жана илим министрлиги уюштурганын аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекова, Билим берүү жана илим министрлигинин аппараты, депутаттар, академиялык коомчулук өкүлдөрү жана билим берүү тармагынын серепчилери катышты.
Учурда билим берүү жана илим тармагында алты мыйзам актылары: “Билим берүү жөнүндө”, “Баштапкы кесиптик билим берүү жөнүндө”, “Мугалимдин статусу жөнүндө”, “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө”, “Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери жөнүндө”, “Жалпы билим берүү мекемелеринин окуучуларына тамак-аш берүүнү уюштуруу жөнүндө” жана 50дөн ашык чакан мыйзам актылары иштейт.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүровдун айтымында, инвентаризация ченемдик-укуктук базасын оптимизациялоого багытталган. Инвентаризация процесси Билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын 17-ноябрындагы №951/1 буйругунун негизинде башталган.
"Билим берүү чөйрөсүндө колдонулуп келаткан мыйзамдарды талдоо көрсөткөндөй, мыйзамдардагы көптөгөн өзгөрүүлөр мыйзамдын өзүн толугу менен жөнгө салбай, мыйзамдык боштуктарды пайда кылган жана ички карама-каршылыктар орун алган, кай бирде акыйкаттык жана өнөктөштүк принциптерине дайыма эле жооп бере бербеген, бири-бирин кайталаган жана ашыкча жоболор бар. Мына ушул аныкталган кемчиликтерди четтетүү үчүн бир топ нормалары эскирип калган алты мыйзамдын ордуна “Билим берүү жана илим жөнүндө” бирдиктүү мыйзам кабыл алуу сунушталат. Ошол эле учурда мыйзамдын жаңы долбоорунун базалык түшүнүгү кеңейтилет, алсак мектепке чейинки билим берүүнүн вариативдүү формасы, кошумча кесиптик билим берүү, мамлекеттик илимий-техникалык саясат, технопарк, технополис ж.б. аныктамалар киргизилди”, – деди ал.
"Сунуш кылынган мыйзам долбоору билим берүү жана илим жаатындагы колдонуудагы мыйзамдарды консолидациялап, Кыргыз Республикасындагы экинчи тармактык мыйзамы болуп калат. Бул долбоор кабыл алынган Конституцияга ылайык келет жана мезгилдин талаптарына жооп берген жаңы нормаларды, анын ичинде адеп-ахлактык тарбияны, билим берүү мекемелеринин базасында илимий-өндүрүштүк комплекстерди түзүүнүн ченемдерин, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү программаларын мектептик билим берүүгө киргизүү жана илимий-техникалык иштеп чыгууларды коммерциялаштыруунун жаңы нормаларын камтыйт. Учурдун талабына ылайык, билим берүүнүн аралыктан окутуу жана электрондук билим берүү формалары мыйзам долбооруна киргизилген.
Жогорку билим берүү жаатында кесиптик билим берүү мекемелеринин алты түрү: улуттук изилдөө институту, университет, академия, институт, адистештирилген жогорку окуу жайы жана жогорку колледж киргизилүүдө.
Мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү уюмдарынын иш-милдеттери такталды.
Ошондой эле билим берүү мекемелерин аккредитациялоо үчүн каржылоо булактарын, окутуу сааттарынын кредиттик тутумун жана билим берүү мекемелеринин финансылык отчёттуулук стандарттарын мыйзамдуу түрдө бекитүү жагы да жаңы киргизилди.
Билим берүү уюмдарынын каржылык көз карандысыздыгын камсыз кылуу максатында Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске жана Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.
Медициналык билим берүү уюмдарынын өздөрүнүн клиникалык базасын камсыз кылуу үчүн "Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушталат", - деп айтылат маалыматта.
