super.kg logo

Улуттук банк "Кумтөрдөн" алтынды сатып алуунун жол жобосу боюнча билдирүү таратты

 

Улуттук банк "Кумтөрдөн" алтынды сатып алуунун жол жобосу боюнча билдирүү таратты.

"Кумтөрдөн" алтынды сатып алуу боюнча суроо-талаптарга ылайык Улуттук банкы төмөнкүлөрдү билдирет.

"Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Улуттук банк жана Министрлер кабинети Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүп чыгарылган алтынды сатып алуу боюнча артыкчылык укугуна ээ.

Алтын валюта резервинин көлөмүн толуктоо саясатынын алкагында Улуттук банк жергиликтүү алтын өндүрүүчү ишканалар тарабынан сунушталган алтынды улуттук валютага гана туруктуу негизде сатып алып турат.

Бул операциялар "Кыргызалтын" ачык акционердик коому менен Улуттук банктын ортосунда түзүлгөн башкы макулдашуунун чегинде гана жүргүзүлөт.

"Кыргызалтын" ачык акционердик коому белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн алтындын кезектеги партиясын сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушу менен Улуттук банкка кайрылган", - деп жазылат маалыматта.

Азыркы учурда аталган сунуш белгиленген тартипте каралып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.05.2021. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иштегиле азаматтар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: