Кыргыз өлкөсүнүн Куралдуу Күчтөрүнүн командасы эл аралык мелдешке катышат

Бүгүн, 20-майда Кыргыз Республикасынын коргоо министри, генерал-майор Таалайбек Өмүралиев Улуу Британиянын Кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Чарльз Гаррет менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирүү таратты.
Андагы маалыматка ылайык, Өмүралиев өз сөзүндө "Эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу аскердик мамилелер өнүгүүнүн жолунда", - деп белгилеген.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы аскерий чөйрөдөгү кызматташтыктын абалы жана келечеги, анын ичинде Улуу Британияда өтө турган Кембрий Патрулдук машыгууларга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн командасынын катышуусу, ошондой эле эки тараптуу кызматташтык планына ылайык, коргонуу жаатында өз ара аракеттенүү сүйлөшүлгөн.
Жолугушуунун аягында эки тарап тең коргонуу жөндөмүн чыңдоо жана мамлекеттердин коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыгында биргелешип иш алып барууга даяр экендиктерин билдиришкен.
