super.kg logo

Орусия Тажикстанга чек ара заставасын курууга көмөктөшөт

 

Жакында Орусия менен Тажикстан өкмөттөр аралык келишимге кол коюшат, ага ылайык Орусия Федерациясы тажик-афган чек арасында заманбап чек ара заставасын курууга көмөктөшөт. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен сүйлөшүүлөрдөн кийин орус басылмаларына билдирди.

Маалыматка ылайык, Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн катышуусу менен антитеррордук машыгуулар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат жана жакынкы аралыкта өкмөттөр аралык келишимге кол коюлат.

"Тажикстандагы Орусиянын 201-аскер базасы Борбор Азиянын туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуучу маанилүү фактор болуп саналат. Терроризмге, экстремизмге жана баңгизаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы бардык зарыл жардамдарды көрсөтүүгө даярбыз жана аны иш жүзүндө колдонобуз", – деп билдирген Лавров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
20.05.2021. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Тажик афгандан кийин тажик кыргыз чек арасын тосот бекен. Элдин айтып аткандары туура окшойт Путин турат башында деп.
20.05.2021. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Афганстан менен чектеш жагына курса керек. Садыр авам барса дагы сүйлөшүп келет го.
20.05.2021. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы дебей эле тоскоолдуксуз өтүүсүнө көмөк көрсөтүү үчүн дебептир
21.05.2021. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Албетте бул жерде Орусиянын өзүнүн кызыкчылыгы бар ошондуктан көмөктөшүп жатат, болбосо азыр бир өлкөгө бир өлкө жөндөн-жон жардам бере турган заман эмес...
21.05.2021. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тажиктер оздорун кудай сезип алышат экен да эми. Кыргызга дагы кычыктанышып..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: