Жергиликтүү кеңештин спикерин шайлоо үчүн депутатка 85 миң сом сунушташкан. Чүйдө добуш сатып алуу аракети иликтенип жатат
Чүй ОИИББи добуш сатып алуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу аталган органдын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Укук коргоо органдарына Чүй облусундагы райондордун биринин жергиликтүү кеңешинин депутаты кайрылып, мыйзамга каршы келген иш-аракеттерге карата чара көрүүнү суранган. Алынган маалыматтарга ылайык, жергиликтүү кеңештин төрагасын шайлоо бир катар депутаттар анын добушун сатып алуу аракетин көрүшкөн. Башкача айтканда, жергиликтүү кеңештин төрагасын шайлоодо тийиштүү талапкерди тандоосу үчүн 85 миң сом сунушташкан.
18-майда арыз жазган адамга 700 доллар жана 25 миң сом өлчөмүндө акча берип жаткан учурда А.Г. аттуу аял кармалып, Чүй ОИИББине жеткирилген. Тергөө иштеринин жыйынтыгында бардык тараптарга юридикалык баа берилет", - деп жазылган маалыматта.
