super.kg logo

Алгачкы профессор Касым Тыныстановго арналган конференция өттү (сүрөт)

 

20-майда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Бегималы Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту, Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту жана президенттин аппаратына караштуу кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фонду тарабынан уюштурулган мамлекеттик жана коомдук ишмер Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына арналган “Касым Тыныстанов – Кыргыз өлкөсүнүн көрүнүктүү мамлекеттик ишмери жана окумуштуусу” аттуу конференция өткөрүлдү.

Алгачкы кыргыз профессору, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, 1920-1930-жылдары элдик билим берүү жаатындагы реформатор Касым Тыныстановдун өмүрү жана ишмердүүлүгү Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында татыктуу орунду ээлейт. Касым Тыныстанов өлкөнүн коомдук-саясий жана маданий өнүгүүсүнө түрткү берген жана кыргыз адабий тил чөйрөсүндөгү реформаларды ишке ашырууга катышкан. Окумуштуунун кыргыз тили багытындагы бир катар («Окуу куралы», 1924; «Чоңдор үчүн алиппе», 1926; «Биздин тил», 1927; «Эне тил», 1928; «Кыргыз тилинин морфологиясы», 1934; «Кыргыз тилинин синтаксиси», 1936) эмгектери жарыкка чыккан.

1924-жылы Ташкент шаарындагы Агартуу институтун бүткөндөн кийин Түркстан Эл агартуу комиссариатындагы илимий комиссиясынын катчысы, кийин төрагасы болуп иштеген. 1925-жылы «Ала-Тоо» газетасынын редактору, 1927–1930-жылдары Кыргыз АССРнин Эл агартуу комиссары, 1930–1937-жылдары алгач Кыргыз маданият жана куруу институтунун илимий кызматкери, кийин анын директору. Саясий репрессия жылдарында ага жүйөсүз буржуазиялык улутчул күнөөсү тагылып, 1937-жылы камалган жана 1938-жылы атууга кеткен. 1988-жылы Касым Тыныстанов толугу менен акталган.

Иш-чарага окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана коомдук ишмерлер катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: