Маалыматта жазылгандай, социалдык саясат боюнча вице-мэр Виктория Мозгачева мектеп окуучулары арасындагы республикалык (шаардык) олимпиаданын III этабынын жеңүүчүлөрүн сыйлады.

Олимпиадага 235 мектеп окуучусу катышты, борбор калаанын мектептеринин 87 окуучусу шаардык олимпиаданын байге ээлери болушту. Анын ичинде:

1-орун - 34 окуучу;

2-орун - 28 окуучу;

3-орун - 28 окуучу.

1-орунга вице-мэр грамота жана смартфон, экинчи орунга грамота жана акылдуу саат, үчүнчү орунга грамота жана кулакчын (наушник) тапшырды.

Белгилей кетсек, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жеңүүчүлөрдү сыйлоо эки этапта өткөрүлдү.