Прокуратура: "Бишкекте 15 миллион сомго бааланган 5 жер тилкеси мамлекеттин эсебине кайтарылды"
Бишкек шаарында 15 миллион сомго бааланган жер тилкелери мамлекеттин эсебине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, Ленин райондук прокуратурасы тарабынан Ак-Өргө жана Арча-Бешик жаңы конуштарында 5 жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке жактарга берилип кеткен фактылары аныкталган.
"Анда Ленин райондук мамлекеттик администрациясынын кызмат адамдары тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен баасы 11 миллион 922 миң 880 сомду түзгөн 4 жер тилкелери, Бишкек шаарынын жолдорун кеңейтүүгө багытталган жер тилкелеринин эсебинен Ак-Өргө жаңы конушунда турак үй куруу үчүн мыйзамсыз түрдө жеке жактарга берилип кеткен.
Мындан сырткары аталган райондук мамлекеттик администрациясынын кызмат адамдары Арча-Бешик жаңы конушундагы 754 орундуу мектептин курулушу үчүн бөлүнүп берилген жер тилкенин 3 миллион сомго бааланган бир бөлүгүн жеке тарапка мыйсамсыз өткөрүп беришкен", - деп жазылат маалыматта.
Жогорудагы жер тилкелерине мыйзамсыз берилген документтерди жокко чыгаруу максатында прокуратура тарабынан сот органдарына чара көрүү актысы киргизилип, толук канааттандырылды. Натыйжада, баасы 15 миллион 19 миң 880 сомду түзгөн 5 жер тилкелери мамлекеттин эсебине кайтарылган.
