ИИМ интернетте "педофилдердин тобу пайда болду" деген маалымат жалган экендигин кабарлады
Өлкө аймагында социалдык тармактарда "педофилдердин тобу пайда болду" деген жалган маалыматтар тарап жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган фейк кабар WhatsApp мессенжеринде өзгөчө ата-энелерден түзүлгөн топтор арасында тарап жатат.
"Текшерилбеген маалыматты таратып, коомду дүрбөлөңгө салбоону суранабыз. Жалган маалыматтын жайылышына жол бербөө керек. Жалпы жарандарды так эмес маалыматтарды таратпоого чакырабыз", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:32
2025-07-28
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.