Юстиция министри Асел Чынбаева Венгриянын элчиси менен жолукту




Юстиция министри Асел Чынбаева Венгриянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Шандор Дороги менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ошону менен бирге Асел Чынбаева Венгриянын элчисине Юстиция министрлигинде президенттин 2021-жылдын 8-февралындагы №26 жарлыгына ылайык, мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө маалымат берди.
Элчи Дороги Венгрияда жаңы Конституция кабыл алынгандыктан, Венгриянын мыйзамдарын да жаңы Конституцияга ылайык келтирүү боюнча иштер жүргүзүлгөнүн айтып берди.
Элчи Юстиция министрлиги менен Венгриянын Юстиция министрлигинин ортосунда өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча кызматташуу маселесин караштырууну сунуштады.
Чынбаева жолугушуу үчүн ыраазычылыгын айтты жана эки өлкөнүн Юстиция министрликтеринин ортосунда эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө ишенимин билдирди.

