super.kg logo

"Бул жактан кууп салат, кайра келебиз". Борбордо баш аламан соода кылгандар менен тиреш уланууда

 

"Ош базарынын" аймагындагы баш аламан сооданы иретке келтирүү иштери дагы деле уланууда. Бүгүн акимчиликтин тийиштүү кызматкерлери базар ичинде мыйзамсыз соода жүргүзүп жаткан соодагерлердин столдорун алышкан. Кээ бирлерине эскертүү берилди. Бирок соодагерлер бул нерсеге каршы болуп, турган жерлеринде орун алууга уруксат берилишин өтүнүп жатышат.

Баш аламан соода жүргүзгөндөрдүн бири төмөнкүлөргө токтолду.

"Менин азыр чатырымды алып кетишти. Мыйзамсыз жер, бирок бизге акча төлө десе төлөп бермекпиз ушул орунга. Базардын ичине туралы десек, ижарасына көп акча керектелет. Мисалы, "Кыялдын" ичинен орун берилсе, ошол жакка турат элек. Андан башка жерге каршыбыз, башка жактарга турганда соода болбой калат", - деди Лариса аттуу соодагер.

Дагы бир соодагер бул жерден кетүүгө шартыбыз жок дейт.

"Берекеттин" ичине же башка жакка барганда ал жактан соода болбой калат. Көчөдө жок дегенде төрт-беш жолу соода кылып алабыз. Кеткенге шартыбыз жок. Баарыбыздын карызыбыз бар. Бул жактан кууп салат, кайра келебиз. Бизге ушул жакка эле орун кылып беришсе жакшы болот эле", - деди Гүлзат.

Эске салсак, "Ош базарынын" айланасында мыйзамсыз соода кылгандарга каршы иштер тынымсыз жүрүп келет. Ошого карабастан, кайра эле соодагерлер чыгып соода жүгүзүүнү улантып келишүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.05.2021. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура кылат тазалаш керек,жол басыш кыйын болуп калды озгочо беш сарынын айланасы.откондо ошол жакта тачка менен соодакылган бир катын байкуш болуп Эллен да акча чогултканга жетишти,Корсо анын уй жайы бар неме экен го.тачка менен солда кылгандар нормально мечтала олтуруп солда кылгандар да жакшы табышат.жонле байкуш боло беришет
22.05.2021. 07:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эң туура тазалаш керек бардак басканга невозможно.Лөлү базар.Соода бар жокто эле болот.Булар ичиндеги соодага ичи чыкпайттар канааттанбайт.А башкалар биржакшына бодуп эле ичтеринде соода кылып отурушат.Булар сыртта күчтүү соода кылып еще арзан сатышып көнүп алышкан.А байкуш ичиндегилер ыйлакташат сврттагылар арзан сатышат деп еще аренда төлөшпөйт эл катары
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: