super.kg logo

Тоолуу райондордо жаан жаайт. Эртеңкиге карата аба ырайы тууралуу маалымат

 

Эртең, 22-майда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Күндүз Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9...+14, күндүз +25…+30;

Талас жергесинде түнкүсүн +7...+12, күндүз +24…+29;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23;

Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +17…+22;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…-9, күндүз +3…+8 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз +27…+29 градус болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: