super.kg logo

Өлкөнүн бир нече мамлекеттердеги элчилери жана консулдары алмашты

 

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери менен башкы консулдары дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан маалымдашты.

Мамлекет башчысынын жарлыктарына ылайык:

Базарбаев Таалай Чолпонбекович Кыргыз Республикасынын Италиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси жана Кыргыз Республикасынын Бириккен улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмундагы, Бириккен улуттар уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасындагы жана Айыл чарбаны өнүктүрүү эл аралык фондундагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды;

Карагулов Азамат Омарбаевич Кыргыз Республикасынын Кувейт мамлекетиндеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды;

Султанов Талант Кушчубаевич Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды;

Арипов Назарали Турдалиевич Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулу болуп дайындалды;

Сыдыкова Лира Эсенгуловна Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу болуп дайындалды.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыктарына ылайык:

Мукашев Данияр Муратбекович Кыргыз Республикасынын Италия Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду;

Алымкулов Алисбек Төлбашиевич Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулу кызматынан бошотулду;

Абдрахманов Нурлан Асейинович Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу кызматынан бошотулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.05.2021. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азимбек Бекназаровду жоготпойсунарбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: