Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын ортосундагы аба каттамдардын санын көбөйтүү маселеси талкууланды

Маалыматта айтылгандай, Кыргыз өлкөсүндө санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруунун фонунда Кыргыз Республикасы менен Орусиянын ортосундагы туруктуу каттамдардын санын көбөйтүү жана Орусия тараптын талаптарына жооп берген калктын жаңы коронавирус инфекциясын жугузуусу 1ден төмөн деңгээлдеги көрсөткүчү боюнча маселелерди талкуулоо болду.
Ошондой эле туруктуу каттамдар тууралуу маселелерден тышкары мамлекеттердин ортосундагы чартердик рейстердин расписаниеси жана Кыргыз өлкөсүнөн Орусиянын шаарларына учуу географиясын кеңейтүү маселелери талкууланды.
"Орусия тарап Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын Орусиянын керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдардын бакубаттуулугун коргоо жаатындагы көзөмөл боюнча федералдык кызматы (Роспотребнадзору) менен бир кыйла активдүү иштешүүсүнүн зарылдыгын, ошондой эле жаңы коронавирус инфекциясы үчүн Кыргыз өлкөсүндө жүргүзүлүп жаткан ПЧР – тесттеринин санын көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Жолугушуу президент Садыр Жапаровдун ушул жылдын февраль айында Москва шаарына жасаган иш сапарынын алкагында жетишилген эң жогорку деңгээлдеги макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында өттү", - деп жазылат элчиликтин маалыматында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:32
2025-07-28
9:48
2025-07-28

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
nazira...

22.05.2021. 15:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арзан бекен деги
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.