Ноокат районунда заманбап калкты тейлөө борборунун ачылыш аземи болуп өттү. Ага Улукбек Марипов катышты






Ош облусунун Ноокат районундагы заманбап калкты тейлөө борборунун ачылыш аземи болуп, ага Улукбек Марипов катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Улукбек Марипов жаңы калкты тейлөө борборунун иши менен таанышып, кардарлар менен баарлашты.
"Калкты тейлөө борборунда бардык шарттар түзүлүп, жарандарды документтештирүүнүн процесси арыз кабыл алуудан баштап, документти даярдоо жана берүүгө чейин автоматташтырылган. Арыз берүүчүлөр имараттан чыкпай туруп, тийиштүү документтерди чогулта алат. Сунушталып жаткан мамлекеттик тейлөө көрсөтүү сапатын жогорулатуу, жарандарга жагымдуу шарттарды түзүү боюнча милдеттер акырындык менен ишке ашырылууда.
Бул сыяктуу тейлөө борборлору өлкө боюнча ачылууда", - деп белгиледи ал.
Маалымат үчүн:
Калкты тейлөө борбору заманбап жабдуулар, ыңгайлуу жумушчу орундар, маалымат алуу зонасы менен камсыздалган, электрондук кезек жана видео көзөмөл камералары орнотулган.
Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарттар каралып, эне жана бала бөлмөсү, өзүн-өзү тейлөө зонасы каралган, анда порталдын мүмкүнчүлүктөрүн толук кандуу пайдаланууга шарттар бар.



1 |