Бокс боюнча орто салмактагы жаңы абсолюттук чемпион аныкталды
Британиялык боксчу Жош Тейлор бокс боюнча орто салмактагы дүйнөнүн абсолюттук чемпиону аталды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, 23-майга караган түнү Лас-Вегаста (АКШнын Неведа штаты) болгон беттеште Жош Тейлор америкалык атаандашы Хосе Карлос Рамирести жеңип алды. Беттеш 12 раунд бою кызуу жүрүп, натыйжада калыстар бир чечим менен жеңишти Тейлорго ыйгарган.
Бул жеңиш менен Тейлор бокс боюнча орто салмактагы абсолюттук чемпион титулун алды. Тейлор карьерасында 18 беттеш өткөрүп, баарында тең жеңишке жеткен. Бул беттеш анын 18-жеңиши болуп калды.
Ал эми жеңилүү ызасын тартып калган америкалык Рамирес үчүн бул алгачкы жеңилүү болду. Буга чейин ал 26 беттеш өткөрүп, баарында жеңүүчү аталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
3

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.