super.kg logo

Уханда үч вирусолог пандемия башталганга чейин катуу ооруганы айтылды

 

Коронавирус башталган Кытайдын Ухан шаарындагы Вирусология институтунун үч кытай окумуштуусу пандемия башталардан бир аз мурун катуу оорушкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.

Маалыматка ылайык, бул шаарда COVID-19 илдети биринчи жолу 2019-жылдын декабрь айында катталган. Ал эми аталган илимпоздор ошол эле жылы ноябрь айында катуу оорудан улам ооруканага кайрылышкан. Ошол эле учурда алардын белгилери окшош болгон жана алар өзүлөрү вирустар менен иштеген бир топтун мүчөлөрү болушкан.

Май айында АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасы COVID-19 пандемиясы Ухан шаарындагы Вирусология институтунан чыккандыгы тууралуу ачык далилдер бар экендигин билдиришкен.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму март айында уюмдун эл аралык эксперттик тобун COVID-19дун келип чыгышын аныктоо үчүн Уханга болгон иш сапары жөнүндө толук отчётун жарыялаган. Документте коронавирустун лабораториядан келип чыгышы өтө эле күмөн экени айтылган. Коронавирус адамдарга башка жаныбардан жуктуруп алган жарганаттардан жуккан деп божомолдошкон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.05.2021. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын болсо анда даана айбан экен Кытайың!!!
24.05.2021. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул биологиялык согуш.Атайын жаратылган ,ото тез жана коп турго мутациялана алган вирус деп ойлоймун.Кыйтайда башталып тез арада дуйно жузуно таркап кетти,бирок Кытайда корсоткуч эн аз санда.Кундон кунго озгочо турлору дуйнонун ар бурчунан чыгып жатат,а Кытайда ошончо эли бар туруп,осуу корсоткучу жокко эсе.Кытай кырылып калмак ушул убака чейин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: