Май айында кайсы азык-түлүктөр кымбаттады? (Статистика)
Ушул жылдын май айына карата кой этинин жана пахта майынын баасы кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, республика боюнча кой этинин бир килограммынын орточо баасы 465,47 сом болгон жана өткөн апрель айына салыштырмалуу 18,14 сомго же 4,1 пайызга өскөн. Ал эми 1 литр пахта майынын баасы 167,09 сомду түзүп, апрель айына салыштырмалуу 3,6 пайызга кымбаттаган.
Муну менен бирге кой этине максималдуу чекене баа Исфана, Жалал-Абад (бир килограммы 500 сом) жана Баткен (489 сом) шаарларында катталды. Эң арзаны Покровка айылында (бир килограммы 420 сом), Каракол (428 сом) жана Балыкчы (440 сом) шаарларында сатылууда.
Ал эми пахта майынын чекене баасы көпчүлүк шаарларда орточо көрсөткүчтөн ашып кетти. Пахта май Токмок (бир килограммы 192 сом), Исфана жана Ноокат (176 сом) шаарларында кымбатыраак сатылып жатат. Арзаныраак бааны Кербен (бир килограммы 130 сом), Талас (141 сом) шаарларында, ошондой эле Покровка айылынан (154 сом) көрүүгө болот.

