super.kg logo

Бишкек шаардык мэриясы шаар тургундарын коронавирус илдетин алдын алып, сак болууга чакырат

 

Бир сутка ичинде Бишкек шаарында 121 адамга коронавирус диагнозу коюлду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча башкы дарыгердин орун басары Айнагүл Рыскулбекова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 121 адамдан коронавирус илдети аныкталса, башка региондон келгендерден 26 адамдан илдет тастыкталган.

Бишкек шаарындагы райондор боюнча:

Ленин району - 38;

Свердлов району - 22;

Биринчи Май району - 24;

Октябрь району - 11.

"Бишкек шаарынын мэриясы коронавирус инфекциясын алдын алуу иш-чараларын сунуштайт: бет кап тагынуу, колду таза кармоо, аралыкты сактоо, эмдөө. Ар бириңиздин саламаттыгыңыз өз колуңузда сак болуңуз", - деп билдирди Айнагүл Рыскулбекова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: