super.kg logo

Парламент комитетинде Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын өлкөгө жеӊилдетилген каражат бөлүүсүнө багытталган мыйзам долбоору колдоо тапты

 

Бүгүн, 24-майда парламент комитетинде Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын өлкөгө жеӊилдетилген каражат бөлүүсүнө багытталган мыйзам долбоору каралды.

Бюджет жана финансы боюнча комитети мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Экономика жана финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун айтымында, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 8,5 миллион доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя жана 8,5 миллион доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт. Насыя каражаты 38 жыл мөөнөткө 0,75 үстөк пайызы менен берилет.

Каражат негизинен аймактарды өнүктүрүү чараларынын маанилүү маселелерин чечүү, экономикалык жана социалдык инфратүзүм объектилерин колдоо, COVID-19 илдетине каршы чараларды көрүү багытында жумшалмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: