"Париждеги Эйфель мунарасы сыяктуу". Бишкек-Тауэрдин эскизи сунушталды









"Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасы Бишкек-Тауэрдин эскизин даярдашты. Бул тууралуу маалымат аталган ишкананын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, аталган долбоорду ишке ашырууга азырынча каражат жок.
"Биз фантазиябызга эркиндик берүүнү чечип жана Бишкек мунарасынын эскизин жаратууга багыт алдык. Албетте, биз азыр мындай дымактуу долбоорлорду ишке ашыра турган мезгил эмес экендигин түшүнүп турабыз, бирок дагы деле болсо келечекти көздөп, аны даярдоону каалайбыз.
Мунаранын башкы максаты - кыргыздын иконикалык объектисин түзүү, бул Нур-Султан шаарынын Байтерек, Тегерандагы Азади жана Париждеги Эйфель мунарасы сыяктуу Бишкек шаарынын символу боло алат", - деп айтылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:32
2025-07-28
9:48
2025-07-28

Рейтинг:
2

Если че акча котором