super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Жашоомдо кара так калтырган ошол каргашалуу күн"

 

Суперстандын "Жүрөк сыры" бөлүмүнө "Жашоомдо кара так калтырган ошол каргашалуу күн" деген аталыштагы окуя жарыяланган.

Автор: "Оштун бир айылынан болобуз, бирок Ошто турабыз. Айылда чоң ата, чоң энем бар. Жашоомо өчпөс так калтырган ошол каргашалуу күнү айылдан чоң атам "эртерээк келбесең болбойт, чоң энең ооруп калды, больницага алып барганга көнбөй сени келсин деп жатат" деп чалып калды. Ал кезде мен 4-курста окучумун. Атам, апам, агамдар 2 күн мурун бөлөм үйлөнүп Бишкекке тойго кетишкен болчу. Чоң энемдердин кыздардан жалгыз небереси элем, сагынганда ар шылтоону айтып чакыра бермей адаты бар эле. Барбай койсоң таарынып ыйлап, баарыбыздын айлабызды кетирчү, түштөн кийин окуудан чыгып алып аргасыздан айылга жөнөдүм. Бул күн 2009-жылдын 13-марты болчу. Таксиде менден башка 2 эже бар эле, алар жолдон түшүп калышты. Азыр ойлосом алтынчы туюмум деле эч нерсени сезген эмес экен. Жамгыр гана токтобой жаап турду эле. Көрсө жаратылыш мени аяп ыйлаган экен да ошол күнү. Көөдөнү сокур мен байкуш кайдан түшүнүп, кайдан акылым жетмек ага? Арадан 4 жылга жакын убакыт өтсө дагы бардыгы көз алдымда. Ботодой боздоп алдында жатканым, акыркы күчүм калбай калгыча каршылык көргөзгөнүм, жалдырап ыйлап кыз сатып берейин деп чыркыраганым..."

Толугу менен окуу үчүн бул жерди басыңыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: