Акыркы коңгуроо. Өлкө боюнча коомдук тартипти камсыздоого 3 миңден ашык милиция кызматкери тартылат
Бүгүн, 25-май акыркы коңгуроо күнүндө өлкө боюнча коомдук тартипти камсыздоого 3 миң 391 милиция кызматкери тартылат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери ата-энелерге акыркы коңгуроо иш-чарасына байланыштуу отуруштарды уюштурбоо, жашы жете электерге автотранспорттук каражаттарды бербөө керектиги эскертилип, ар кандай “таңды тосуу” сыяктуу кечелерди уюштуруунун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
"Укук коргоо органдары коомдук коопсуздукту камсыздоо чараларын жогорку деңгээлде ишке ашыруу, мектептин бүтүрүүчүлөрү аралашкан жол кырсыктары, кыз ала качуу, массалык мушташ жана башка коомго жат көрүнгөн кылмыш окуяларынын алдын алуу боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат.
Чек ара аймактарында, тагыраагы Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ар түрдүү куралдуу кагылышуулардын алдын алуу үчүн чек ара кызматы, жергиликтүү бийлик органдары жана мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта иш алып барып, коомдук жайларда, чек арага жакын аймактарда милициянын кайгуул иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, быйылкы жылы республиканын аймагында орун алган 2 миң 296 мектепте акыркы коңгуроо салтанаттуу иш-чаралары коронавирус илдетине байланыштуу онлайн форматта өткөрүү чечими кабыл алынган.
