super.kg logo

Нарында ата-энелерге балдарына көзөмөлдү күчөтүп, максаты жок кечинде көчөгө чыгарбоо эскертилүүдө

 

Нарын облусунун Ат-Башы районунда милициянын көчмө кабылдамасы өз ишин улантууда. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Ат-Башы РИИБинин кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен район аймагында жалпы билим берүүчү орто мектептеринде окуу жылы аяктап жаткандыгына жана акыркы коңгуроо онлайн режиминде өтүлүп жаткандыктан, мектеп окуучуларынын коомдук коопсуздугун жана ар кандай кылмыш кырсыктардын алдын алуу максатында атайын иш мерчемдер түзүлүп, профилактикалык түшүндүрүү иштерин улантууда.

Мындан тышкары өспүрүмдөр арасында чоң адамдардын коштоосу жок жайкы эс алуучу жайларда эс алууну уюштурууну болтурбоо максатында айыл аймактарды кыдыруу менен эс алуучу жайларды иштетип жаткан жарандар менен жеринен жолугуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле быйылкы бүтүрүүчү мектеп окуучуларынын ата-энелерине балдарына карата көзөмөлдү күчөтүү, максаты жок кечинде көчөгө чыгарбоо жагы эскертилип жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: